• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында кайсы өткөрмө бекеттер иштеп жатат? – Чек ара кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. 17-июнга карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, “Чалдыбар – унаа жолу” жана “Кең-Булуң – унаа жолу” өткөрмө бекеттери ишин жанданткандан кийин “Ак-Тилек – унаа жолу” өткөрмө бекетинин иши жеңилдеп, жүк ташуучу унаалардын үймөктөлбөй өтүшүнө шарт түзүлгөн.

17-июнга карата кыргыз-казак чек арасында Чүй облусундагы “Чалдыбар – унаа жолу” жана “Кең-Булуң – унаа жолу”, “Ак-Тилек – унаа жолу” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка – унаа жолу” өткөрмө бекеттери иштеп жатат.

“Ак-Тилек – унаа жолу” жана “Чоң-Капка – унаа жолу” өткөрмө бекеттеринде жарандар жана жүк ташуучу унаалар өткөрүлүүдө.

“Чалдыбар – унаа жолу” өткөрмө бекети аркылуу жүк ташуучу унаалар гана өтүүдө.

“Кең-Булуң – унаа жолу” өткөрмө бекети өлкө аймагынан чыгып бара жаткан бош жүк ташуучу унаалар үчүн гана ачык.

Темир жол жүктөрү “Кайыңды – темир жолу” өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий