• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында кеминде 600 жүк ташуучу унаа турат – МЧК

Коом 0

Бишкек, 17.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы кезек күткөн унаалардын саны өсүүдө,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында 365 унаа бар. “Чоң-Капканда” 212 унаа. ““Ак-Жол” жана “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрмө жайында кезек күткөн унаалар жок”,-деп айтылат маалыматта.
“Кабар” агенттигине КРнын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, “Аталган маселе боюнча Казакстан менен сүйлөшүүлөр өзгөрүүсүз”.
2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.
Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.
2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий