• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-казак чек арасында кезекте 540 жүк ташуучу унаа турат – МЧК

Коом 0

Бишкек, 15.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын топтому байкалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көбүнчө “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында 350 жүк ташуучу унаа, “Чоң-Капканда” – 190 унаа турат.

“Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жайында жана “Чалдоварда” унаалар эркин өтүп жатат, анткени ал жакта жүк 5 тоннага чейин өткөрүлөт. 30 даана болгон көп эмес маршруттук жана жүк ташуучу унаалардын топтому бар”,-деп тушүндүрүштү басма сөз кызматынан.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий