• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында өлтүрүлгөн жарандын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Кыргыз чек арачылары тарабынан атылып өлтүрүлгөн казак жаранынын сөөгү Казакстанга өткөрүлүп берилди. Учурда эки өлкөнүн Чек ара кызматтары биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.

23-январда каза болгон казакстандыктын туугандары Талас облусуна келишкен — алар тергөө иштерине катышууда. 24-январда маркумдун сөөгү казак тарапка өткөрүлүп берилди.

Ал ортодо Казакстандын чек арачылары өлкө аймагына кирип жашырынып калган эки адамды издөө иштерин улантышууда. Ошол эле маалда кыргыз аскерлери дагы Талас облусунун Манас районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

24-январда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Бейбут Атамкулов телефондон сүйлөшүп, чек арада болгон окуяны талкуулашкан.

23-январда кыргыз-казак чек арасына жакын жерде мыйзам бузууга шектелген адам жоокерлер аткан октон каза тапкан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз тараптан 15 чакты жылкыны айдап, Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткандар аныкталган.

Ал жерге чек арачылар барып, мыйзам бузгандарды кармоого аракет кылганда шектүүлөр каршылык көрсөтүп, жоокерлерге бычак шилтешкен. Коопсуздукту коргош үчүн чек арачылар асманга ок атып, эскертүү беришкен. Ага карабай, беркилер каршылык көрсөтө бергендиктен, жоокерлер ок атып, бирөө каза болгон. Дагы экөөсү Казакстандын аймагына өтүп кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий