• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз товар ташуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктарында жыгач материалдарын, коон, экологиялык отун майын жана тиричилик химиялык заттарын ташып келүүдө бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 3 млн сомдон ашуун суммада 88 миң 704 даана тиричилик химиялык заттарын (аэрозоль идишиндеги Дихлофос) алып келе жаткан автомашина кармалды.

Импорттоочунун товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон. Ошол эле жерден товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты жана коштомо кагазы жок 30 кубметр жыгач материалын алып келүү фактысы аныкталган.

"Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан баасын төмөндөтүп көрсөтүү менен 19 миң 539 тонна экологиялык отун майын алып келе жаткан автоунаа кармалган.

Мындан тышкары, ушул эле контролдук-өткөрмө пунктунан импорттоочу товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 20 тонна коон алып келгендиги аныкталган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Пикир

Оставить комментарий