• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында ок атылып, бир адам каза болду. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-казак чек арасында мыйзам бузгандарды кармоо учурунда курал колдонушкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районундагы Жайылган аймагында белгисиз бирөөлөр мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 10-15 чакты жылкы алып өтүүгө аракет кылышкан.

Жерине чек арачылар келип, мыйзам бузгандарды кармоо учурунда белгисиз адамдар бычак колдонуп, каршылык көрсөтүшкөн.

“Каршылык көрсөтүүнү токтотуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында чек ара кызматкерлери асманга ок атып, эскертүү беришкен. Бирок ага карабастан, мыйзам бузган жарандар чек арачылардын талаптарына жооп бербей, каршылык көрсөтүүнү улантышкан. Жоокерлер ошол кезде каршылык көрсөткөн тарапка ок чыгарган”, -деп айтылат маалыматта.

Натыйжада бир адам жаракат алган, ал эми экөө Казакстандын аймагына кирип, из жашырууга үлгүргөн.

Жабыркаган адам биринчи медициналык жардам көрсөтүү учурунда көз жумган.

“Окуя тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын тийиштүү органдарына кабар берилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий