• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында жасалма паспорт менен эки жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Чек арачылар мамлекеттик чек араны бузууга аракет жасаган эки кыргыз жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, 14-июнда “Чалдыбар-унаа жолунда” 1961-жылы туулган Кыргызстандын жараны О.Д. кармалган. Ал чек ара кызматкерлерине көрсөткөн ID-card жасалма экени даана байкалган. Анын айтымында, паспортун жоготуп алганына байланыштуу, атайын көчүрмөдөн өткөрүп, анын жардамы менен Казакстан аркылуу Талас шаарына билинбей өтүп кетүүнү көздөгөн.

Бүгүн «Акжол-унаа жолундагы» көзөмөл пунктунда жасалма паспорт менен дагы бир кыргыз жараны кармалган. 1982-жылы туулган А. уулу Б. аттуу жаран чек ара кызматкерлерине жасалма ID-card көрсөтүп, Казакстанга өтүүгө аракет жасаган.

Документтер толтурулган соң ,алар тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий