• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз бойдон калууда – Зилалиев

Коом 0

Бишкек, 18.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, казак тараптын да оор жүк ташуучу унаалары бир сааттын тегерегинде текшерилип жатат.

“Кээде андан да көп дээрлик 3 саат текшерген учурлар катталган. Эгерде көзөмөл-өтмөрмө пунктунун мурдагы штаттык тартипте иштеген иши менен азыркы абалды салыштыра турган болсок, учурда казак тарап адамдарды жана унааларды өткөрүүнү 2,5-3 эсеге кечеңдетүүдө”,-деди ал.

Вице-премьер кошумчалагандай, Кыргызстан өкмөтү түзүлгөн кырдаалды жоюу үчүн болгон күчүн жумшайт.

“Биз бул үчүн эл аралык аянтчаны колдонобуз. Кыргызстан өкмөтү тарабынан ЕАЭБ, ДСУна жана Кыргызстан менен Казакстан мүчө болгон бир катар башка уюмдарга кат жөнөтүлдү. Себеби дегенде коңшу мамлекеттин иш-аракети ЕАЭБке жана ДСУнун талаптарына туура келбейт. Азырынча Казакстан тараптан расмий жооп жок. Катты алышкан эмес. Казакстандын бир катар жоопту адамдары ММКга мындай көрүнүш Кыргызстанда өткөрүлгөн президенттик байланыштуу деп айтышкан. Бирок шайлоо өтүп бүттү”,-деди ал.

Зилалиев кошумчалагандай, чек арадагы кырдаалга байланыштуу биринчи эле күнү өткөрмө пункттарга ысык чай, тамак-аш уюштурулуп, чатырлар тигилип, медпункттар ачылган. Ошондой эле тез жардам унаасы нөөмөттө турат.

“Кабар” агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктунда 200гө жакын адам жана 70 унаа кезек күтүп турат.

““Ак-Жолдо” – 300 оор жүк ташуучу унаа турат, бирок адамдардын топтому жок. “Чоң-Капканда” болсо 100 унаа жана дээрлик 40 адам кезек күтүп турат”,-деп билдиришти чек ара кызматынан.

Эске сала кетсек, 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында Казакстан тараптан адамдарды жана унааларды өткөрүү жайлаган. Ага байланыштуу өткөрмө пункттарында тыгын пайда болгон. Аны менен бирге Кыргызстан тараптан өткөрүү штаттык тартипте жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий