• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекети убактылуу жабылат. Качанкыга чейин?

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол - унаа жолу" көзөмөл-өткөрмө жайы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ар көзөмөлү башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта "Ак-Жол - унаа жолу" (КР) жана "Кордай - унаа жолу" (Казакстан) көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.

"Жөө адамдар (чоң жүгү болбосо) бул көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу өтө алышат. Ал өткөрмө жайында курулуш иштери жүргүзүлөт. "Ак-Жол - унаа жолу" саат 06:00дөн 24:00гө чейин иштейт", - деди ал.

"Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, кошумча маалымат берилет. Казак тарап өзүнүн аймагында, биз өзүбүздүн жерде оңдоо иштерин жүргүзөбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий