• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 400дөй унаа токтоп турат

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул туралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-апрель саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат.

“Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий