• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы бир өткөрмө пунктта жүк унаалары узун кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек - унаа жолу" өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалар узун кезекке туруп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кезек кечээ кечки саат 20:00дө пайда боло баштаган. Ал кезек Казакстандын чек арачыларынын унааларды узак убакыт текшерип жатканы менен байланыштуу болууда. Казакстан тарап 1 саатта 4-5 унаадан өткөрүүдө.

Бүгүнкү эртең мененки саат 09:00гө карата "Ак-Тилек - унаа жолу" пунктунда 90го жакын жүк ташуучу унаа кезекте турган.

"Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрмө пункттарында узун кезектеги унаалар байкалбайт. Кыргызстан тараптан чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөө жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий