• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" бекетинин кызматкерлери кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлүнүн жана салмак бекетинин кызматкерлери паракорлукка шектүү катары кармалышты. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар чарба ишканаларынан жана жеке ишкерлерден пара талап кылып келишкен.

1-декабрда ыкчам тергөө иштерин жүргүзүү учурунда ветеринардык бекетинин тескөөчүсү менен салмакты текшерген тескөөчүсү кылмыш убагында кармалды.

Бул факт боюнча "Кызмат абалынан кыянаттыкта пайдалануу" жана "Пара талап кылуу" беренелери боюнча иш козголгон. Учурда тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий