• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы чатырлар алынды

Коом 0

Бишкек, 08.12.17. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кыргыз-казак чек арасына тигилген чатырлар алынды,-деп билдирет бүгүн, 8-декабрда ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги түзүлгөн кырдаалды, ошондой эле аба ырайынын суук болушун эске алып жана Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде 2017-жылдын 11-октябрынан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чек ара аркылуу өткөн адамдарды чатыр, ысык тамак-аш жана жылуулук менен камсыз кылуу иш-чаралары уюштурган.

““Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетине 3 даана 30 орундуу чатыр, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетине 5 даана 10 орундуу чатыр, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекетине 3 даана 10 орундуу чатыр, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетине 6 даана 10 орундуу чатырлар тигилген. Жалпы 17 даана чатыр орнотулуп, жылытуучу печкалар, ичүүчү суу, биоажатканалар менен камсыз кылынган.

Мындан сыркары, 2017-жылдын 8-ноябрынан тартып “Чоң-Капка”, “Ак-Тилек”, “Чалдовар”, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жолдо кезек күтүп турган жүргүнчүлөрдү тамактандыруучу пунктар уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан бөлүнгөн акча каражатына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан 38 күн оор жүк ташуучу унаалары менен кезек күтүп турган айдоочуларга ысык тамак-аштар таркатылып турулду. Күнүнө орточо эсеп менен 500-600 адам ысык тамак-аш менен камсыз болгон.

Ошондой эле, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Талас облусундагы жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп, жолдо кезек күтүп турган айдоочуларга таркатылып берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий