• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 2021-жылдын жазына чейин жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 2021-жылдын жазына чейин жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-ноябры, саат 18:00дөн тартып "Каркыра унаа жолу" көзөмөл жайы жабылат.

"Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Каркыра унаа жолу" (Кыргызстан) жана "Кеген унаа жолу" (Казакстан) бекеттери 2021-жылдын 1-мартына чейин убактылуу жабылат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий