• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Бүгүндөн тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Каркыра" бекети иштей баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган көзөмөл жайы күндүзгү убакта саат 08.00дөн 18.00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстан Республикасындагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстан Республикасына бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, “Каркыра-автожол” өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт. Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы “Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө” Макулдашуусуна ылайык, “Каркыра-автожол” көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап “Каркыра-автожол” көзөмөл өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий