• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында унаалардын тыгыны байкалган жок

Коом 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. 15-январь, саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

15-январь, саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:

- Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол”, “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;
- Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат;
- Кыргызстандын “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.
- Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана “Чоң-Капка” өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

14-январда саат 08:00дөн 15-январь саат 08:00гө чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын 732 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кесип өтсө, анын 499 оор жүк ташуучу транспорт каражаты “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өткөн.

УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий