• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы веткөзөмөлдү алуу аягына чыгайын деп калды – К.Жумаканов

Экономика 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу маселеси бүтөйүн деп калды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

“Жакында веткөзөмөл алынат. Биз буга жакындап калдык. Казак кесиптештер менен үзгүлтүксүз негизде сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды жүргүзүп жатабыз. 2016-жылы декабрда бизге Евразия экономикалык комиссиясынан комиссия келген. Аларга түзүмдөрдөн баштап ишканабызга чейин көрсөттүк. ЕЭКтин комиссиясы бизди колдоду, Казакстан гана жактырган жок. Бирок, Казакстандын премьер-министри эгер Кыргызстан ЕЭК өлкөлөрүнөн КРнын лабораториялары жана ишканалары ветеринариянын бардык талаптарына жооп берет деген кат түрүндөгү ырастаманы алып келсе, анда Казакстан веткөзөмөлдү алууга даяр деп билдирди. Биз ЕЭКке кат жөнөттүк”,-деди К.Жумаканов.

Ошондой эле, Мамветинспекциясынын башчысы бүтүндөй өлкө боюнча 94 мал союу пункттары бар экенин билдирди. Анын ичинен 1 гана пункт эл аралык талаптарга жана стандартка жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий