• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын топтолушу сезондук көрүнүш - Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн текшерип өткөрүү пункттары шаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 15-июль 08:00го карата кыргыз-тажик чек арасынын «Ак-Тилек – унаа жолу» текшерип өткөрүү пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте 100 жүк ташуучу унаа турат. «Анын ичинен Алардын 30-40ы бош контейнерлерди ташуучу унаалар, калган унаалар эл керектөөчү товарларды жана азык-түлүктү ташышат”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын топтолушу экономикалык ишмердүүлүктүн активдешүүсү жана жүк ташуулардын сезондук көбөйүшү менен байланыштуу.

Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталган жок.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча учурда кыргыз-казак чек арасында 7 өткөрүү пункту иштеп жатат: Чүй облусунда “Ак-Жол – унаа жолу”, “Ак-Тилек – унаа жолу”, “Чалдыбар – унаа жолу”, “Кең-Булуң – унаа жолу”, “Токмок – унаа жолу”, Талас облусунда “Чоң-Капка – унаа жолу”, Ысык-Көл облусунда “Каркыра – унаа жолу”.

КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р токтомунун талаптарына ылайык, жүк ташуучу унаалар "Ак-Тилек – унаа жолу", "Чалдыбар – унаа жолу" өткөрүү пункттарында, "Чоң-Капка – унаа жолу" жана "Каркыра – унаа жолу" пунктарын өтүп жатат.

Бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң – унаа жолу” пунктунан өтө алат.

Ал эми жүк ташуучу поезддердин өтүүсү "Кайыңды-темир жол" өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий