• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасындагы жаңжалды эки өлкөнүн ТИМ башчылары телефон аркылуу талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Бейбут Атамкулов мамлекеттик чек арадагы жаңжалды телефон аркылуу талкуулашты.

Эске салсак, кечээ Талас облусунда белгисиз бирөөлөр чек ара аркылуу Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз түрдө 10-15 чакты жылкы алып өтүүгө аракет кылышкан. Мыйзам бузгандарды кармоо учурунда алар бычак колдонуп, каршылык көрсөтүшкөн. Чек ара кызматкерлери курал колдонуп, бир адам каза болгон.

Учурда эки өлкөнүн тиешелүү органдары бул маселе боюнча иш алып барууда. Ал эми көз жумган адамдын жакындарына колдоо көрсөтүлүүдө.

ТИМ башчылары ошондой эле бардык чөйрөдөгү эки жактуу кызматташтыктын комплексин талкуулап, өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилени күчөтүү керек экендигин баса белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий