• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргыз-казак депутаттары бажы өткөрмө пункттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Күн мурун, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров башында турган парламенттик топ Мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко баштаган Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин өкүлдөрү менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу Казакстандын Кордай өткөрмө пунктунда болуп, эки өлкөнүн ортосундагы маселелер талкууланды, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө негизги делинген “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө постун кайрадан реконструкциялоо керектиги айтылып, казак тараптын келерки жылдын январь айынан баштап ал жердеги каттоолорго чек койо тургандыгы белгиленди.

«Кордай өткөрмө пунктун реконструкциялоо иштери 2020-жылы башталат. Албетте пункту жабуу эки тарпка тең ыңгайсыз болот. Бирок эки өлкөнүн жарандары туура түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Каттоолорду жакынкы пунктар аркылуу жүргүзүүгө туура келет. Ал эми “Ак-Тилек” – “Кара-Суу” өткөрмө пунктунан жалаң жүк ташыган унаалар каттагандыктан, анын көпүрөсүндө көйгөй бар. Бул пункт 1975-жылы курулган. Биз ушул иштерге көңүл бурушубуз керек», - деп белгиледи Мажилис төрагасынын орун басары Владимир Божко.

Туризм тармагын өнүктүрүү, парламенттер аралык алаканы мындан ары да артыруу керектигине токтолгон Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров: "Чек аралардагы бажы өткөрмө пункттарындагы чекиликтердин айынан өлкө экономикасына сокку урулбашы керек. Биз Кытай тараптан келе жаткан товарларды көзөмөлдөн өткөрүү үчүн атайын жабдууларды ишке киргизе баштадык. Кытайдан чыккан товарды башка товар катары жаздырып, экинчи, үчүнчү өлкөгө чейин ташып кеткен учурлар кездешкен. Биз мындай көрүнүштөргө жол бербөөгө кызыкдарбыз. Негизинен алып караганда кыргыз-казак элдеринин ортосунда чечилбеген маселе болушу мүмкүн эмес. Биз кыйырдан бери үзөңгүлөш келе жаткан бир тууган элбиз. Мындан аркы мамилебиз дагы бекемделе берерине тилектешмин, " - деген пикирин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү иштерин талкуулап, чек арадагы коррупцияга бөгөт коюу маселелери боюнча пикир алышты. Талкуу учурунда айтылган сунуштарды кабыл алган Казакстан Парламентинин өкүлдөрү тийиштүү тармактарга тапшырмалар берилерин белгиледи.

Жыйынтыгында эки өлкө парламенттеринин өкүлдөрүнүн кийинки жолугушуусу Кыргызстанда боло турганы макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий