• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар макулдашууларга жетишилди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Күн тартибинде суу-энергетикалык, айыл чарба, транспорт, инновациялар жана IT-технологиялар, билим берүү, маданият, туризм, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтыкка тийиштүү 18 маселе каралды.

Улукбек Марипов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдүн жана товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экендигин билдирди.

«Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун масштабдуу реконструкциясы жыйынтыкталды. Ал толук кандуу иштеп баштаса, биз суткасына 35 миңден ашуун адамды жана беш миң унааны кабыл ала алабыз. Бул абдан жакшы натыйжа», - деди Улукбек Марипов жана Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек-Автожол» жана Казакстан Республикасынын «Карасу-автожол» өткөрүү пункттары ортосундагы жаңы көпүрөнү куруу жана эски көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашуу орун алгандыгын белгиледи.

Тараптар өз-ара товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу, эки тараптуу соода, транзит жана логистика жаатындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында өнөр жай кооперациясын, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү, индустриалдык жана соода зоналары каралган соода-логистикалык борборлорду түзүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

Тараптар эпидемиологиялык талаптарды сактоону эске алуу менен Казакстан Республикасынын аймагы боюнча трансппорттук каражаттардын, ошондой эле жарандардын эркин кыймылы жана транзити үчүн макулдашылган чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Бишкек шаарынан Талас шаарына багыт алган жана кайрадан Казакстан Республикасынын Жамбыл областы аркылуу кайткан автобустук жүргүнчү маршруттардын транзиттик өтүүсү, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы аралык Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит аркылуу үзгүлтүксүз темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу маселеси талкууланды.

Инвестициялык кызматташтыкты мындан ары карай кеңейтүү алкагында биргелешкен ишканалардын санын жогорулатуу маселеси, ошондой эле инвесторлорду коргоо чаралары талкууланды.

Казак тарап Бишкек шаарында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга даярдыгын билдирди, ошондой эле Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруучу биздин абитуриенттер үчүн квоталарды 50 орунга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Чектеш өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүү алкагында «Нарын» эркин экономикалык аймагы жана «Хоргос» «Эл аралык чектеш кызматташтык борбору» атайын экономикалык аймагы ортосунда кызматташтык тууралуу биргелешкен Меморандумга кол коюлду, ошондой эле I Аймактар аралык форумун өткөрүү макулдашылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынынын протоколуна кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий