• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык жетинчи кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Астана шаарында (Казакстан Республикасы) кечээ, 17-августта, Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жетинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгы астында өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жетинчи жыйынынын Протоколуна кол койду.

Мындан тышкары, 2003-жылдын 29-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду.

Аталган документтин негизинде эки тараптуу өткөрүү пункттары катары саналган “Кең-Булуң – автожол” жана “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иш режимине өзгөртүүлөр киргизилди.

Протокол күчүнө кирген соң, аталган өткөрүү пункттары көп тараптуу болуп, өз кезегинде «Ак-Тилек автожол” жана «Акжол автожол” өткөрүү пункттарынын жүктөмүн азайтат. Тактап айтканда, эми чет элдик туристтер Ысык-Көл облусуна “Кең-Булуң – автожол” жана “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтө алат.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Келишим эки өлкө ортосундагы экономикалык өз ара аракеттешүүнүн бардык актуалдуу маселелерин чагылдырат жана өз ара товар жүгүртүүнүн өсүү фактысы катталган.

Эскертсек, эки өлкө Өкмөттөрү тараптан товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүү милдети коюлган.
Документ ошондой эле суу ресурстарын пайдалануу, ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук жана башка көптөгөн актуалдуу маселелер боюнча өз ара аракеттешүүнү чагылдырат.

Келерки Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин VIII жыйыны 2019-жылы Бишкек шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий