• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-казак кызматташтыгынын маданий-гуманитардык чөйрөдөгү жаңы багыттары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Кечээ, 10-февралда Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаевдин Казакстандын маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигини басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун жаңы багыттарынын келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар кино жана телекөрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну маалыматтык камсыздоо боюнча Казакстандын тажрыйбасын изилдөө мүмкүнчүлүгү дагы өзүнчө каралды. Маданий жана тарыхый туризмди өнүктүрүүдөгү чоң мүмкүнчүлүктөр бар болгону да белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары тыгыз жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий