• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-казак кызматташтыгынын соода-экономика багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-сентябрында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев «Казакстандын эл аралык өнүктүрүү агенттиги KazAID» коммерциялык эмес акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Дастан Элеукенов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул жолугушуу «Казакстандын эл аралык өнүктүрүү агенттиги KazAID» коммерциялык эмес акционердик коомунун делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон 2021-жылдын 14-сентябрынын 16-сентябрына чейин өтүп жаткан иш сапарынын алкагында уюштурулду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-казак күн тартибинин соода-экономикалык жана инвестициялык багыттарындагы актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Өз кезегинде А.Артыкбаев, Кыргызстандын расмий жардам көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташууга кызыкчылыгы бар экенин билдирип, бул суроодо өлкө үчүн эң актуалдуу - саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, айыл чарбасы, билим берүү ж.б багыттарды белгилеп кети.

Д.Элеукенов 2021-жылдын 16-сентябрында Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, массалык маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү үчүн расмий өнүктүрүү жардамынын чөйрөсүндөгү маалымдуулукту жогорулатуу боюнча брифинг тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий