• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү штаттык режимде жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Казакстандан импорттолгон товарларга байланыштуу комментарий берди.

«Казакстандан импорттолуучу азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттап кетиши мүмкүн делген кооптонууларга байланыштуу, учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү, анын ичинде жүктөрдү өткөрүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын маалымдайбыз. Буга чейин коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында киргизилген чектөөлөрдөн башка тараптар эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизген жок», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий