• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 17.01.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамына кол койду. Бул документке 2017-жылдын 25-декабрында Астанада кол коюлган.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер тууралуу» мыйзамына ылайыктоо.

Кабыл алынган мыйзамдын 2-беренеси боюнча жогоруда берилген Келишимдин күчүнө кириши үчүн аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболору туурасында казак тарапка маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий