• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Келишимге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 26.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча кечээ, 25-декабрда биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Нурсултан Назарбаев Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө Келишимге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө Макулдашууга дагы кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий