• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 09.02.20 . /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстан Респуликасына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барып, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү, жарандарды өткөрүүнү жүргүзүп жатат.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Кең-Булун автожол" жана "Токмок автожол" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга жарандардын тыгыны көбөйгөндүгүн аныктаган. Бүгүн 9-февраль кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй жарандардын кайтканы байкалып, саат 10.00 карата 1000ден ашуун Казакстандын жараны Кыргызстандан чыгып кетишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

КР Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстанга мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн өткөрүү жайларындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Эске сала кетсек, 7-февралдан 8ине караган түнү Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчы айылындагы массалык мушташ орун алган.

Казакстан ИИМнин маалыматына таянсак, чырдын натыйжасында сегиз адам каза болуп, 40 ашуун жаран жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий