• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасында иш алып барган бир канча казакстандык жана өзбекстандык компаниялардын өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси К. Нурпеисов, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү У. Абдуяминов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Ж. Сагынбаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жана башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Министр Казакбаев өз сөзүндө эң жакынкы кошуна өлкөлөр – Казакстан жана Өзбекстан менен болгон достук жана ишенимдүү мамилелерди жогору баалады.

«Кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек мамилелерин ар тараптуу өнүгүшү, өз ара пайдалуу, көп кырдуу кызматташууну тереңдетүү жана ошондой эле жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын узак мөөнөттөгү артыкчылыктарына жооп берет», - деп белгиледи КР тышкы саясат ведомствосунун башчысы.

Министр Казакбаев 2020-жыл иш жүзүндө дүйнөдөгү бүт мамлекеттер үчүн татаал болгондугун баса белгиледи.

Атап айтканда, COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк экономикага акыркы мезгилде эң чоң көйгөй болгондугу жана Кыргызстан да четте калбагандыгына өзгөчө токтоду. КРнын ТИМ башчысы экономиканын дээрлик бардык тармактары тилекке каршы жабыр тарткандыгын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү аны калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди жасап жаткандыгы белгиленди. Ушуну менен бирге, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрүнө жана аты аталган өлкөлөрдүн компанияларына COVID-19 жайылышына байланыштуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирилди.

КРнын тышкы саясат ведомствосунун башчысы ушул жылы Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк түз инвестициялардын төмөндөшүн өкүнүч менен белгиледи.

КРнын тышкы иштер министри Кыргыз Республикасында ички саясий абалдын турукташкандыгын жана чет элдик компаниялардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын мүлкүнүн сакталышы үчүн бийлик тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди, кыргыз тарап Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча саясатты жүргүзөт деп ишендирди.

Жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, экспортту жана туризмди илгерилетүү жана экономикалык дипломатияга байланыштуу башка маселелер жаатында максималдуу жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин структурасында жакында түзүлгөн Экономикалык дипломатия департаменти жөнүндө маалымат берилди.

Ушуга байланыштуу катышып жаткан компаниялардын өкүлдөрү көйгөйлү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаменти менен тыгыз байланыш түзүүгө чакырылды.

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси К. Нурпейисов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, иш-чаранын маанисин жогору баалады.

Ошондой эле казак элчиси Казакстан Республикасынын инвестицияларынын Кыргыз Республикасынын экономикасындагы ордун жана салымын белгилеп, ишкердик климатты жакшыртууга үмүт артып, Казакстан тараптан түз инвестициялар жылдан жылга көбөйүп жаткандыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге, Нурпейисов казак компаниялардын чечилиши зарыл болгон бир катар маселелерди белгиледи.

Өз сөзүндө Өзбекстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдуяминов анын Бишкекте болгон учурунда биринчи жолу ушул форматтагы иш-чара уюштурулгандыгын белгиледи.

Анын айтымында, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүмүндө инвестицияларды тартуу жана сооданы илгерилетүү маселелери менен алектенген экономикалык дипломатия департаменти түзүлгөнүн билдирди.

Ал белгилегендей, ушул күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара аймактарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин үчүнчү жыйыны өтүп жатат, анын алкагында Кыргыз Республикасында орто жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган биргелешкен Жол картасына кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле иш-чара алкагында Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы да сөз алды, ал Казакстан жана Өзбекстан менен болгон кызматташуунун артыкчылгын белгилеп, кызыкдар болгон тараптар менен мындан аркы тыгыз бирге аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Сагынбаев “Vertex Gold Company” компаниясынын иши калыбына келтирилгендигин, “KAZMinerals Bozymchak” ишканасынын кайрадан ишке киргизүү боюнча тиешелүү иштер активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдады.

Расмий өкүлдөрдүн сөзүнөн кийин Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын компанияларынын өкүлдөрү конструктивдүү пикир алмашуу жүргүзүп, болгон суроолорго жооп ала алышты, ошондой эле COVID-19 жана акыркы саясий окуялардын экономикалык таасири астында бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды тузүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ишкер чөйрөлөрү менен олуттуу диалог орундалды, анын жүрүшүндө бир катар көйгөйлүү маселелер жана ошону менен бирге эки тараптуу кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык боюнча, эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттарды мындан ары өнүктүрүү менен ишке ашыруу жана жалпысынан экономикалык өнүгүү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бизнес жамааты менен өз ара аракетин жеңилдетүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-казак жана кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин чечүү жана алдыга жылдыруу үчүн мындай иш-чараларды уюштуруу тажрыйбасын улантууга макулдашышты.

Жолугушуунун аягында министр Казакбаев ишкерлерге орун алган ачык диалог үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы өкмөт тарабынан ак ниеттүү чет элдик ишкерлерди жана инвесторлорду коргоого жана колдоого басым жасоо менен соода-экономикалык жана фискалдык тармактарды камтыган радикалдуу реформаларды жасоо пландаштырылып жаткандыгын билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасында иштеп жаткан "Vertex Gold Company", "KAZMinerals Bozymchak", "Sky Mobile", "Artel Eletronics", "Uzbekiston Havo Yollari", "AKFA" жана башка компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий