• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз хоккейчилери кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо туруна катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы кышкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунун экинчи баскычындагы оюндарга катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 12-15-декабрда Румыниянын Брашов шаарында өтөт.

Улуттук курамдын катарына Эрназар Исматов, Олег Колодин, Антон Кудашов, Уран Турсунбеков, Адис Качкынбеков, Владимир Ничипуренко, Ажымухамед Улугбек уулу, Жанболот Тагаев, Артур Аяпов, Кадыр Алымбеков, Михаил Чувалов, Артем Горобец, Владимир Носов, Александр Титов, Максим Егоров, Кузьма Терентьев, Александр Петров, Андрей Тришкин, Эрсултан Мирбеков, Владимир Тонких кирет.

Кыргыз хоккейчилерине Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан 1 миллион 387 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий