• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз өкмөтү АӨЭФ менен биргеликте жаңы айыл чарба долбоорун иштеп чыгууда

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. “Мал чарбалардын туруктуулугу” жаңы долбоорунун дизайнын иштеп чыгуу максатында Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (АӨЭФ) өкүлдөрү Кыргызстанда болушту. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Долбоордун милдети малдын ден соолугун жана азыктуулугун, жайыттардын абалын жакшыртууну, ошондой эле мал чарба жамааттарынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун бекемдөөнү көздөйт.

Анын курамына миссиянын жетекчиси Анара Джумабаева, институционалдык жана жамааттык өнүктүрүү адиси Джунко Накой, финансылык башкаруу адиси Бианка Джансе Ван Вурен; агробизнес боюнча адис Инна Пунд, АӨЭФнын Кыргызстандагы жетекчисинин жардамчысы Карим Сиссоко, АӨЭФнын мал чарбачылыгы боюнча жетектөөчү адиси Антонио Рота, АӨЭФнын айлана-чөйрө боюнча адиси Оливер Мунди, АӨЭФнын мал чарбачылыгы боюнча адиси Дэвид Ворд, ветеринар Жолдошбек Дадыбаев, токой чарба адиси Майлс Мак Донкада, токой чарбасы боюнча жергиликтүү адис Азамат Исаков, экономист Кайрат Нажмиденов, финансылык аналитик Хафиз Акбергенов кирди. АӨЭФнын Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Микаэль Каутту жалпы жетекчилик жүргүздү.

Миссия профилдик комитеттин башчысы жана парламенттин вице-спикери, көптөгөн министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук мекемелердин жетекчилери, донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Миссия республиканын аймактарында агроөндүрүштөр, жеке ветеринарлар, Жайыт комитеттердин төрагалары жана башка жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Миссиянын өкүлдөрү айыл чарба чөйрөсүндөгү приоритеттүү маселелерди аныкташты. Бул маселелердин чечилишине жаңы долбоор тарабынан жардам берилиши күтүлүүдө. Миссия өз ишин аяктагандан кийин, өкмөткө долбоорду иштеп чыгуу боюнча сунуштарын берет.

Долбоор үч компоненттен турат. “Токой жана жайыт экосистемасын туруктуу жамааттык биргелешип башкаруу” деп аталган биринчи компонент жайыттарды башкарууга жана токой ресурстарын жакшыртууга багытталган. “Тамак-аш системасынын коопсуздугун чыңдоо” экинчи компоненти коопсуз айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. “Аялдар жана жаштар үчүн климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк удаалаштыгы” үчүнчү компоненти аялдардын жана жаштардын экономикалык ишкердикке активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.

Беш жылга белгиленген жаңы долбоор республиканын бардык аймагында ишке ашырылат. Долбоордун башталышы 2020-жылдын аягына пландалууда.

Долбоор боюнча инвестициялардын жалпы суммасы болжол менен 60 млн АКШ долларын түзөт.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги КР өкмөтүнүн атынан долбоорду башкарат.

АӨЭФнын донордук жардамы тууралуу

Кыргыз Республикасы 1996-жылы АӨЭФ мүчө болуп кирген, андан бери АӨЭФ жалпы суммасы 72,5 млн АКШ долларын түзгөн беш улуттук долбоорду каржылады.

1996-2011-жылдар аралыгында АӨЭФ Дүйнөлүк банк башкарган 20,4 млн АКШ доллары суммасындагы үч долбоорду кошумча каржылаган.

Учурда АӨЭФнын каражаттарынын эсебинен “Мал чарбасын жана рынокту башкаруу -1, -2” долбоору (2013-2019-жж.), “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору (2018-2023-жж.) ишке ашырылууда.

ФАОнун Инвестициялык борбору АӨЭФнын долбоорлорунун дизайнын иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө катышат.

Пикир

Оставить комментарий