• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө – фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйында Кыргыз Республикасындагы миграциянын абалы жөнүндө маселе каралууда.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы жана 2019-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары талкууланат.

Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасашат.

Пикир

Оставить комментарий