• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-корей кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу тобунун жетекчиси Ли Джон Бэ менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Динара Кемелова жакында Корей жарым аралындагы күзөттүк аймакта болуп ɵткɵн АКШнын, Тʏштʏк Кореянын президенттеринин жана Түндүк Кореянын башчысынын жолугушуулары менен корей тарапты куттуктады.

Андан тышкары, элчи Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын бекемделишине кыргыз тарап кызыкдар экенин айтты.

"Ли Джонг Бэ кыргыз элинин демократиялык ɵнүгүүгө болгон умтулуусун жогору баалады жана келечекте Кыргызстан парламенттик башкаруу жолу аркылуу жакшы жыйынтыктарга жетишет деген үмүтүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Кемелова Кыргызстан менен Корея Республикасынын соода-экономикалык байланыштарындагы тоскоолдуктарды тɵмɵндɵтүүгө мыйзамдык жактан жардам берүүсүн өтүнгөн. Тараптар эки ɵлкɵнүн борбор шаарларын байланыштыра турган түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы талкуулашты жана келечекте дагы жолугушуулар болорун макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий