• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-корей кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Күн мурун, 12-февралда КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Корея-Кыргызстан достук ассоциациясынын жана “Дасан” ЖЧКсынын президенти Ким Чуль Енг менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Ким Чуль Енг КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду кызмат орду менен куттуктап, тилектештигин билдирди. Айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө жашылча жер-жемиштердин үрөнүн, сортторун жана жер семирткичтерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Министр Аскарбек Жаныбеков кореялык өнөктөштөрдүн сунуштаган жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууга макул экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий