• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-корей парламенттер аралык мамилелерин чыңдоо талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Сеул шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кореянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пё менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешип, эки элдин маданиятынын тарыхый жакындыгына жана жалпылыгына өзгөчө басым жасашты.

Министр Ж.Кулубаев Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Соктун 2021-жылдын апрель айындагы иш сапары кыргыз-корей мамилелеринин тарыхында маанилүү окуя болгонун белгилеп, ошондой эле парламенттер аралык мамилелердин кеңейүү тенденциясына канааттануусун билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү, Өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү аркылуу артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү жана түз аба каттамдарды ачууну тездетүү багытында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Министр Ж.Кулубаев эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо, мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл экенин белгиледи. Ал Кыргызстан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумуна өзгөчө маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Министр ошондой эле Кыргызстан үчүн да, Түштүк Корея үчүн да келечектүү болгон өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун чоң потенциалын белгиледи. Ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул багытта тыгыз кызматташууну сунуштап, тараптар биргелешкен күч-аракет менен соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө жетише алат деген ишенимин билдирди.

Ал учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи.

Жалпысынан маектештер кыргыз-корей эки тараптуу кызматташтыгын, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү диалог өткөрүштү.

Пикир

Оставить комментарий