• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-кувейт кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кечээ, 16-сентябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин тышкы иштер министринин өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Хамад Сулайман Аль-Мишан менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Карагулов кувейттик кайрымдуулук фонддорунун социалдык шаарчаларды, ооруканаларды, ФАП жана билим берүү мекемелерин куруу сыяктуу өлкөнүн социалдык инфратүзүмүн бекемдөөгө багытталган жигердүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Аны менен катар, кайрымдуулук фонддордун ишмерүүлүгүнүн натыйжалуулугун өнүктүрүү жана алардын иш алып баруусунда мамлекеттик программаларына жана социалдык талаптарга жараша координациялоо боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташтыктын деңгээлин оң баалап, кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып барууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий