• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз-Кыштак айыл аймагында футбол аянтчасы ачылып, аксакалдар оюн талаасына чыгышты

Аймак 0

Бишкек, 18.01.19./Кабар/. Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында эки футбол аянтчасы ачылды. Футбол аянтчасынын ачылышына өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Кайтпас айылындагы кичи футбол аянтчасын куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 2 млн. 900 миң сом сарпталган.

"Каражаттын 1 млн. 65 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми Кыргыз-Кыштак айылындагы футбол аянтчасынын курулушуна да түрткү берүүчү грант тартылып, 2 млн. 993 миң сом каржы сарпталган. Анын 1 млн. 64 миң сому жергиликтүү бюджеттин салымы болду", - деп айтылат маалыматта.

Футбол аянтчадагы алгачкы оюнду айыл аксакалдары баштап берип, жаштарга жакшылыктарды каалап бата беришкен.

Пикир

Оставить комментарий