• 84.79
  • 95.75
  • 1.15

Кыргыз-кытай чек арасы 1-январдан тарта убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Жаңы жылды белгилөөнүн алкагында кытай тараптын демилгеси менен 2021-жылдын 1-январынан тарта "Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттери убактылуу жабылат.

"Чек арадагы "Торугарт" бекетинде 2021-жылдын 4-январынан, "Эркечтамда" 2-январдан баштап унаалардын өтүшүнө уруксат берилет баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы "Торугарт жана "Эркечтам" өткөрүү бекеттеринен Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унаалар гана атайын алгоритм боюнча өтө турганын эске салат.

Пикир

Оставить комментарий