• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-кытай чек арасы 27-августка чейин жабылды

Коом 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Бүгүн 22-августтан тартып кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана "Эркечтам” өткөрмө бекеттери бир жумага убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен Курман айт майрамына байланыштуу жабылып жатат. Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 27-августта кайрадан кадимки тартипте иштей баштайт.

Бул күндөрү дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий