• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Кытайдагы жаз майрамына карата кыргыз-кытай чек аралары убактылуу жабылат, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, чек араларды убактылуу жабуу демилгесин Кытай тарап сунуштаган.

««Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү бекеттери 2020-жылдын 24-январынан 30-январына чейин жабык болот», - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 31-январында калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий