• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат, - деп кабарлайт КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы.

Билдирүүгө ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабык болот.

"Аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 2022-жылдын 4-январынан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий