• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы 5нен 8-апрелге чейин жабык болот,-деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

“Кытай тараптын демилгеси менен улуттук “Таза жарык” майрамына байланыштуу "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары 5нен 8-апрелге чейин убактылуу жабык болот”,-деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 8-апрелде калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий