• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам – унаа жолу” көзөмөл өткөрүү бекеттери 15нен 18-июнь күндөрү убактылуу жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

“Кытай тараптын демилгеси менен Орозо айт жана Кытайдагы Дуань-у цзе майрамына карата аталган бекеттер убактылуу жабык болот”,-деп айтылат маалыматта.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 19-июнда калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий