• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 2-февралдан 10-февралга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен улуттук "Жаз" (Жаңы жыл) майрамына байланыштуу жабылып жатат.

Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 11-февралда кайра жанданат.

Пикир

Оставить комментарий