• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Кытайдагы "Күрүч майрамына" карата кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” жана "Иркештам унаа жолу" пункттары 2019-жылдын 7-9-июнь күндөрү убактылуу жабык болот.

Адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр 10-июндан тартып өткөрүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий