• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекети 6-майга чейин жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдайт.

Билдирүүдө айтылгандай, Кытай Эл Республикасында майрамдала турган "Эмгек күнүнө" карата 2020-жылдын 30-апрелинен 5-майга чейин «Эркечтам унаа жолу» бекети жабык болот.

6-майдан тарта аталган бекет кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Эске сала кетсек, «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекети 2020-жылдын 15-апрелинде кайрадан иштей баштаган, 14-апрелде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин эки өлкөнүн жүк ташуулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Кытай Эл Республикасы менен макулдашуу жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий