• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 10-октябрда болжол менен таңкы саат 07:48дер чамасында катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий