• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Кечээ, 6-октябрь күнү саат 14:11де кыргыз-кытай чектешкен аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 4 баллга жетти.

Ошондой эле Икизяк, Көк-Суу айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий