• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 8-майда болжол менен саат 06:44 чамасында катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Торугарт айылында 2,5 балл сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий