• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-май күнү саат 14:37де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Эселек, Көк-Айгыр айылдарында 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий